Бажы жетекчилерине козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир аткаминер кармалды
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Замирбек Ниязалиев Бажы кызматынын жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аягына чыкканга чейин камакка алынды.
Буга чейин жогорудагы иш боюнча, "Түндүк" темир жол бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-июнга чейин абакта калтыруу чечими чыгарылган.
Бажы кызматынын жетекчи кызматында турган адамдар 2015-жылы мамлекетке 166 млн сомдон ашык зыян келтирген деп айыпталып жатат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: