09.04.2019 16:09

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы кыргыз бажыдагы аткезчилик схемаларын иликтейби?

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы кыргыз бажыдагы аткезчилик схемаларын иликтейби?

Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик Москва казынасына сокку уруп, Владимир Путин маселени чечүү үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырма бергени айтылып жатат. Бажыдагы былык иштер эч кимге сыр эмес. Раим-миллион жөнүндө аңыз кептер жөнөкөй адамдардан баштап, Жогорку Кеңеште дагы айтылган. Бирок аткезчиликти алкымдан ала турган президент жана өкмөт мүчөлөрү көйгөйдү көрмөксөн.

Кыргыз бийлиги чек арадагы маселени чече албашына көзү жеткен Россия эми өзү киришип жатат, дешет эксперттер.