13.01.2020 13:22

Бажыдагы аткезчилик: Мыйзамсыз чылым ташыганга көмөктөшкөн бажычы кармалды

Бажыдагы аткезчилик: Мыйзамсыз чылым ташыганга көмөктөшкөн бажычы кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, бажы кызматынын ички тергөө бөлүмү милиция менен биргеликте атайын иликтөө жүргүзүшүп, 253,5 миң долларга тете чылымдын аткезчилик жолу менен транзит болгонун аныкташкан. Жыйынтыгында 38 жаштагы М.Б. аттуу бажычы колго түшүрүлгөн.

Аталган факт боюнча 320-берене “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.