06.12.2018 13:10

Белгисиз адамдар Кыргызстандан бир үйүр жылкыны Казакстанга өткөрүп жиберишкен

Белгисиз адамдар Кыргызстандан бир үйүр жылкыны Казакстанга өткөрүп жиберишкен

Белгисиз адамдар Кыргызстандан бир үйүр жылкыны Казакстандын аймагына айдап кетүүгө аракет кылышкан. Бул туурасында кошуна өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Окуя 4-декабрь күнү саат 4:00төрдө болгон. «Гранитогорск» чек ара тозотуна Кыргызстан тараптан жылкылардын жакындап келатканы байкалып, чек арачыларга белги берилген. Кошумча күч катары «Сыпатай батыр»  чек ара тозотунан топ жөнөтүлгөн.

Учурда жылкылар Казакстандын аймагында кармалып турат, бирок аларды айдап келаткан адамдар чек арачыларды байкап калып, Кыргызстандын аймагында жашынып калганы айтылат.