07.12.2018 17:13

Бензин баасы Жаңы жылдан кийин кымбатташы мүмкүн

Бензин баасы Жаңы жылдан кийин кымбатташы мүмкүн

Россиянын мунай иштетүүчү заводдор ремонтко жабылып, айдоочулар жаңы жылда арзан бензинди кайдан табабыз деп түйшөлүп турушат. Кыргызстанга күйүүчү май ташыган беш компания президентке кайрылып, Казакстан менен келишим түзүүгө чакырды. 
Ал эми өкмөт болсо кооптонууга себеп жок деп жоошутууда.

2019-жылы ишкерлер мунай затын кайдан алып келет? Күйүүчү май ташуу келишимин өкмөт эмнеге создуктуруп жатат?