10.04.2019 10:52

Казакстан дизель майын экспорттоого тыюу салды. Бул абалдын Кыргызстанга кандай таасири болот?

Казакстан дизель майын экспорттоого тыюу салды. Бул абалдын Кыргызстанга кандай таасири болот?

Казакстан жарым жылга дизель майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Коңшу өлкөнүн энергетика министрлиги, мындай чектөө жазгы-талаа иштерине байланыштуу ички рынокту солярка менен кенен камсыздоо максатында киргизилгенин түшүндүргөн. Баба-дыйкандар жазгы талаа иштери күчөп турганда, күйүүчү май тартыш болуп калбаса экен деп кооптоно башташты.