Коронавирус: Кыргызстандан айрым азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салынды

Коронавирус: Кыргызстандан айрым азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, алты ай товарлардын айрым түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого убактылуу тыюу салынат.

Үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган товарлардын тизмеси:

  • Буудай жана меслин
  • Буудай уну
  • Өсүмдүк майы
  • Күрүч
  • Макарондун түрлөрү
  • Шекер
  • Тоок жумурткасы
  • Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
  • Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
  • Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
  • Дезинфекциялоочу каражаттар

“Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 23-март, саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.