17.04.2019 21:20

«Берекет Универсал» базарынын сатуучулары менен жетекчилик ортосундагы чатак курчуду

«Берекет Универсал» базарынын сатуучулары менен жетекчилик ортосундагы чатак курчуду

«Берекет Универсал» базарынын сатуучулары менен администрациясынын ортосундагы чатак курчуп баратат. Соодагерлер 3 суткадан бери базардын дарбазасын күч менен кармап турушууда. Бул туурасында алар April.kg  порталына билдиришти.

Эскерте кетсек, митингдин чыгышына базар жетекчилигинин сатуучуларды жаңы курулуп жаткан соода борбордон орун алууга мажбурлап жатканы себеп болгон. Бул максатта, соодагерлердин айтымында, администрация алардын жарыгын өчүрүп, дарбазаны жаап таштап, киргизбей жаткан. Сатуучулар аларга сунушталып жаткан жердин бир чарчы метринин эле ижарасы 1,5 миң доллар экенин айтып, соода анча акчаны актабай турганын билдиришкен. 

Бүгүн, 17-апрелде «Берекет» жабык акционердик коомунун жетекчилиги «Берекет Универсал» базарын  штурм менен алууну чечип,  ал жакка иттери бар күзөт кызматын алып келген. Сатуучулар аларды дарбазадан ары кууп чыгышканы айтылат.