09.08.2018 11:40

Беш күн мурун Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

Беш күн мурун Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

Беш күн мурун Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 2018-жылдын 9-август күнү саат 08:00дө Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган. Издөө иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2018-жылдын 4-август күнү саат 15:30 чамасында Нарын суусуна 1988-жылы туулган Б.З. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүрүп жатканына карабай, денеси табыла элек.