14.01.2020 17:27

Бейтаптын орой мамилеси ак халатчанды жумуштан кетүүгө аргасыз кылды

Бейтаптын орой мамилеси ак халатчанды жумуштан кетүүгө аргасыз кылды

Күн мурун, 13-январда сыркоолоп калган чүрпөнүн апасынан кордук көргөн дарыгер бүгүн жумуштан кетти.

Арызына жетекчилиги кол коюп, жактырып берген. Дарыгер бейтаптардын шылдыңына чыдоого күчү калбагандыгын кошумчалаган. Бул тууралуу Ал жергиликтүү ЖМКлардын бирине билдирген. 

«Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, эл дарыгерлерди сыйлабаса, анда баардык медиктер кетип калышат. Мен өз ыктыярым менен кетүү тууралуу арыз жаздым, анткени мага карата жаман мамилеге чыдоого алым жок», — дейт дарыгер.

Эске салсак, күн мурун ооруканалардын биридеги кабылдоо бөлүмүндө дарыгердин көрсөтмөсүн жактырбаган айым ак халатчанга атырылып, карганып, сөгүнгөнгө чейин жеткен. №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасында орун алган окуя видеого тартылып, социалдык тармактарга тарап кеткен.

Көп өтпөй дарыгер милицияга арыз менен кайрылып, бирок кайра тосмо арыз жазып койгон.