9 бейтап оор абалда, бешөө кайра жандандыруу бөлүмүндө
Коронавируска чалдыккандардын ичинен 9 киши оор абалда. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка караганда, жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны -290 ду түзөт.
“Алардын тогузу оор абалда, алардын ичинен, 5 адам реанимацияда”, - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 11-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 339 кишиге жетти. Ичинен 51и дарыгерлер.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: