Биликке бойкот. Бишкекте милиция кызматкерлери иштөөдөн баш тартып жатышат

Биликке бойкот. Бишкекте милиция кызматкерлери иштөөдөн баш тартып жатышат

Бишкек шаарында тилкелик милиция кызматкерлери иштөөдөн баш тартып жатышат. Алар бийликке бойкот жарыялашты. Kaktus.media агенттигинин маалыматына караганада буга тилкелик милиция кызматкерлерине өзгөчө абал учурундагы иши үчүн убадалаган кошумча карат төлөнүп берилбей жатканы себеп болгон.

Күн мурун шаардын төрт районунун тилкелик милиция кызматкерлери жыйналыш өткөрүшкөн. Алар 15-июнга чейин ишке чыкпоо чечимин кабыл алышкан.

Kaktus.mediaнын укук коргоо органдарындагы өз булактары билдиришкендей, милиция кызматкерлерине убада кылышып, бирок акча төлөбөй келишкен. Бийлик төлөп бербей турган болуп жатканы да маалымдалат.

Ошондой эле милиция кызматкерлери менен Бишкек ШИИБнын башчысы Канат Жумагазиев жолугушуу өткөргөнү белгилүү болду. Ал чогулуштарды токтотууну орой түрдө талап кылып, маселени чечүүгө аракет кылаарын билдирген.