16.01.2019 12:21

Билим берүү министрлиги кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында иштеп жатканына ишендирет

Билим берүү министрлиги кыргыз тилин өнүктүрүү жаатында иштеп жатканына ишендирет

Өлкөдө кыргыз тилинде 20дан ашык жаңы онлайн курстар иштелип чыкты. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, билим берүү жаатында санариптештирүү багыты уланып жатат. «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында 20дан ашык онлайн курстар иштелип чыкты, алардын катарында интернеттеги 400 видео-сабак бар (https://itkg.emektep.info  жана https://ilimelim.kg ). Андан тышкары, мугалимдерге, окуучуларга жана алардын ата-энелерине электрондук окуу куралдарын эркин жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү камсыздалган. 

Былтыркы жылы эле http://lib.kg  сайтына 441 окуу китептери жана окуу материалдары жайгаштырылган. 2018-жылы министрлик өнөктөш уюмдар менен бирге эки мультимедиялык программалык-методикалык комплексти: баштапкы мектептер үчүн 7 предмет боюнча «iBilim» комплекси менен 5-9-класстын окуучулары үчүн «Билим булагы» комплексин иштеп чыкты. 

«Маалыматтык технологиялар» темасында 200дөн ашык сабакты которуп, ( www. gcflearnfree.org ), миңге жакын кыргыз тилиндеги китепти санариптештирип, кыргыз тилдүү мектептер жана ЖОЖдор үчүн билим берүүчү ресурстардын репозиторийи түзүлдү.  

Википедия үчүн 20 миң 87 жаңы макала которулуп жана оңдолуп-түзөлдү.