11.02.2019 10:52

Билим берүү министрлиги жараксыз окуу куралдарын басып чыгарууга 32,7 миллион короткону аныкталды

Билим берүү министрлиги жараксыз окуу куралдарын басып чыгарууга 32,7 миллион короткону аныкталды

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу куралдарын иштеп чыгуу жана аларды басуу боюнча  консультанттардын кызматын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларга барган. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Аныкталгандай, Дүйнөлүк банк «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо» долбоорунун алкагында 16,5 миллион долларды насыя жана грант түрүндө берген, алардын 4,1 миллион доллары 5-6-класстын окуучулары үчүн жаңы китептерди иштеп чыгууга жана басууга жумшалган.

2016-жылдын 10-августунда «БК» ЖЧКсы келишимдин шарттарын бузуу менен өзүнө жүктөлгөн «Табият таануу, 5-класс» жана «География, 6-класс» окуу китептерин иштеп чыгуу милдетин конкурстун башка катышуучусу «И» ЖЧКсына өткөрүп берген. Акыркы мекеменин деңгээли конкурстун талаптарына таптакыр  туура келген эмес. 

Андан сырткары, авторлорду баалоо жана тандап алуу жүрө электе эле «БК» ЖЧКсы менен «Табият таануу,  5-класс» окуу куралынын автору Э.М. ортосунда жаңы китеп жазып чыгууга келишим түзүлөт. Ал китеп 2012-жылы басылып чыгып, учурда колдонулуп жаткан окуу куралдын нак көчүрмөсү болгон.  

Буга карабастан, Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши, министрликтин сынактык жана техникалык комиссиясы сунушталган китептерди бекитилген талаптарга жооп бербегенине карабай, жактырып беришкен.  

В 2018-жылы сапатсыз жана колдонууга жарабаган окуу куралдары басылып чыккан. Анын баарын иштеп чыгып жана басууга 32,7 миллион сом корогон. 

Текшерүү уланууда.