25.05.2020 12:15

Бир ай өтө элек. Чолпонбай Түлөбердиевге коюлган эстелик бузула баштады

Бир ай өтө элек. Чолпонбай Түлөбердиевге коюлган эстелик бузула баштады

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулганына бир ай боло элек, бирок бузула баштады. Бул тууралуу интернет колдонуучу Владимир Цай Facebook баракчасында бөлүштү.

Анын айтымында, эстеликтеги желим жазуулар сыйрылып түшө баштаган. Тамгалар жөнөкөй эки тараптуу скотч менен чапталганы айтылат.

Белгилей кетсек, Советтер Союзунун  Баатырынын айкелин эки апта мурун өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков расмий ачкан. Ал жаңы паркта орун алган. Сейил бакка да Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы ыйгарылган болчу. Калаанын батыш тарабындагы парктын аянты 10 гектар, аны жашылдандыруу үчүн шаардык бюджеттен 48 миллион сомдой каражат кеткен.

Чолпонбай Тулөбердиев — Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген. Буга чейин аталган паркка баатырдын ысымын ыйгаруу демилгесин Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.