Бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Кыргызстанда бир сутка ичинде 4 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

• Бишкек ш. – 1

• Чүй облусунда – 2

• Ош облусунда – 1

Жалпысынан республика боюнча коронавирус диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 195 учур катталды. Алардын ичинен 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүн, 30-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Илдетке жалпы 746 адам кабылды. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарында Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да бар.