Бир суткада 14 медицина кызматкерине коронавирус жукккан

Бир суткада 14 медицина кызматкерине коронавирус жукккан

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туралуу саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Алардын ичинен:

• Бишкек ш. – 2

• Нарын облусунда – 12

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 344 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүн, 30-майга карата коронавирустун жаңы 60 учуру катталып, илдетке кабылгандардын саны 1722 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1113 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.