05.09.2018 09:33

Бир жарым ай мурун көлгө чөгүп кеткен юристтин сөөгү табылды

Бир жарым ай мурун көлгө чөгүп кеткен юристтин сөөгү табылды

Бир жарым ай мурун Ысык-Көлгө чөгүп кеткен юрист Александр Стручалиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу April.kg порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун жансыз денесин 4-сентябрь күнү Жети-Өгүз районунун тургундары кечке маал көл жээгинен таап алышкан.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 23-июль күнү аталган райондогу «Натали» пансионатында эс алып жүргөн 42 жаштагы Александр Стручалин сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө иштери  башталган. Ал эми 30-июлда издөө иштери маркумдун жакындарынын демилгеси менен токтотулган.

Маалым болгондой, Стручалин юридикалык кызматта юрист болуп иштеп, азыркы экономика министри Олег Панкратов 2016-жылы вице-премьер-министр болуп турганда анын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген.