18.05.2018 11:54

Бир жыл мурун Бишкекке кетип, дайынсыз жоголгон жаранга издөө жарыяланды

Бир жыл мурун Бишкекке кетип, дайынсыз жоголгон жаранга издөө жарыяланды

Бир жылдан бери дайынсыз кеткен Ысык-Көл облусунун жаранына укук коргоо органдары издөө жарыялады. Бул туурасында Бишкек шаарындагы Октябрь районунун ИИБинен билдиришти.

1978-жылы туулган Эшимбаев Нурбек Турумбекович 2017-жылдын март айында  жумуш издеп, Ысык-Көлдөн Бишкекке бет алган. Ошол боюнча кабары жок жоголгон. 

Укук коргоо органдары жоголгон адам 40 жашта, бою 170 см, арыкчырай, чачы. көздөрү  кара түстө экенин билдирет.  Сүрөтүнөн тааныган адамдар болсо, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБине Эшимбаев Нурбектин учурда жүргөн жери тууралуу маалымат берүүнү өтүнүшөт. Же болбосо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу чалса болот:  0(312) 54-41-84, 0(556) 102-828 же «102».