15.08.2018 10:56

Бир жума мурун Бишкектеги эт комбинатында чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бир жума мурун Бишкектеги эт комбинатында чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери 15-август күнү саат 01:20да аяктады. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

2018-жылдын 9-август күнү саат 04:53тө Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва көчөсү №266 дарегинде иштетилбей бош турган мурунку эт комбинатынын имаратынан өрт чыккан. Өрт ошол эле күнү саат 11:23тө чектөөгө алынган. Жабыркагандар болгон эмес.

Өрттү толук өчүрүүгө 14-август күнү ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Имаратты курууда кирпичтердин ортосуна пенопласт коюлуп урулган жагдай ишти татаалдатып, өрт 15-август күнү саат 01:20да гана  толук өчүрүлдү.  Өрттүн кесепетинен имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн.