22.08.2018 18:21

Бир жума мурун каналга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Бир жума мурун каналга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Быстроток каналына агып кеткен жарандын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Бүгүн, 2018-жылдын 22-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына агып кеткен 24 жаштагы жаранды издөөгө иштерин улантуу максатында жалпы 20 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:30да Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылып, ал изделип жаткан жаран экендиги аныкталды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 15-август күнү саат 10:40 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаран түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлгөн.