17.07.2018 16:59

Бир жума мурун Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын денеси табылды

Бир жума мурун Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын  денеси табылды

Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Буга чейин 10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткени кабарланган. 

2018-жылдын 17-июль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 45 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында, 2018-жылдын 17-июль күнү саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.