20.07.2018 11:45

Бир жумадан бери изделип жаткан Мишанын жансыз денеси Новопавловкадан табылды

Бир жумадан бери изделип жаткан Мишанын жансыз денеси  Новопавловкадан  табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кетип, дайынсыз жоголгон 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, 13-июль күнү Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-ж.т. Миша аттуу жаш бала белгисиз себептерден улам чөгүп кеткен. Аны издөө иш-чаралары бир жумага созулуп, Чоң Чүй каналындагы суунун көлөмү азайтылган.

Баланы издөөгө баш-аягы 70 адам тартылган. Бүгүн, 20-июль күнү саат 10:53тө маркумдун жансыз денеси Чүй облусунун Сокулук районун Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылган. Сөөктү ошол аймактагы жашоочулар көрүшүп,  жээкке алып чыгышкан. Жеринде атасы өздүгүн тактады.