05.11.2019 09:00

Бирдиктүү депозиттик эсепке 1,6 миллиард сом топтолду

Бирдиктүү депозиттик эсепке 1,6 миллиард  сом топтолду

Бирдиктүү депозиттик эсебине 1 жыл 4 айда 1 миллиард 668 миллион сом келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоштуруу үчүн ачылган.

22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.