30.11.2018 15:36

Биринчи Май райондук сотунда Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу каралат

Биринчи Май райондук сотунда Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу каралат

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 30-ноябрда саат 17:00дө Сапар Исаковду камакта кармап туруу мөөнөтүн жылдыруу боюнча УКМК тергөөчүлөрүнүн арызын карайт. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, жактоочуга бүгүн соттук отурум болоору тууралуу анын башталаарына 3 саат калганда гана маалымдашкан. 

«Тергөө кайсы негизге таянып, Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну сурап жатканы отурум учурунда түшүнүктүү болоор. Адатта, ишти кароолор эч качан өз учурунда башталбайт. Мурункусунда саат 17:00гө белгиленип, 23:00дөн кийин башталып, түн ортосунда бүткөн», - деп билдирди Нурбек Токтакунов.