15.08.2019 10:08

Биринчи Май райсоту бүгүн «Апрель» телеканалынын доо арызын карайт

Биринчи Май райсоту бүгүн «Апрель» телеканалынын доо арызын карайт

«Апрель» телеканалынын ИИМдин тергөө кызматынын тобуна карата Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жана Башкы прокуратурага берген доо арызы бүгүн, 15-августта каралат. Соттук отурум саат 17:00гө белгиленген.  

Эскерте кетсек, 9-августта тергөөчү атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын кеңсесине кирип, каналдын бардык кызматкерлеринин офистен чыгып кетүүсүн талап кылган.  Күч түзүм органдарынын өздүгүн жана кызмат абалын тастыктаган документтер, ошондой эле тергөөчүнүн талабынын мыйзамдуу экенин далилдеген кагаздар көрсөтүлгөн эмес. Тергөөчү оозеки түрдө гана «Медиа Форум» ААК имараты камакка алынганын жана имаратты бекитип кетишээрин айткан. 

Бирок юристтердин айтымында, камакка  «Медиа Форум» ААК гана алынган, «Апрель-ТВ» ЖЧКсы ал жерде болгону кеңсе аянтын гана колдонуп келет. 

«Апрель» телеканалынын доо арызында ИИМ тергөөчүлөрү КР Баш мыйзамынын эки беренесин бузганы айтылат, алар: «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу», «Ишкерлердин укугун коргоо тууралуу» , ошондой эле «Жоруктар тууралуу» кодекс.