28.12.2018 10:00

Биринчи Май райсоту Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды

Биринчи Май райсоту Кубанычбек Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 2019-жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

«Жактоочулар иштин материалдары менен таанышып алуусу үчүн тергөө мөөнөтү жана Кулматовду тергөө абагында кармоонун убактысы 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды. Иш сотко өтө элек», - деди жактоочусу.

Ал эми, Кулматовдун коомдук коргоочусу Токтайым Үмөталиева тергөө бүткөн соң Кулматовду кармап туруунун мөөнөтүн узартууну ашыкча деп эсептейт. 

«Азыр аны кармап туруунун кандай мааниси бар? Тергөөчүнүн кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу токтомунда одоно бузуулар болду. Башкача айтканда, башкы прокурордун орун басары Дардановдун койгон колу эч нерсе менен күбөлөндүрүлгөн эмес. Балким, ал өзү коюп туруп, алып келди. Ар бир документ каттоодон өтүшү керек эле», – деди ал. 

Буга чейин Жогорку Соттун соттук коллегиясы 27-декабрда Кулматовду 31-декабрга чейин абакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун токтомун жана шаардык соттун аныктамасын күчүндө калтырган.