05.06.2018 21:24

Биринчи май райсоту Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо чечимин чыгарды

Биринчи май райсоту Кубанычбек Кулматовду камакта кармоо чечимин чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райсоту Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовду УКМКнын тергөө абагына 28-июнга чейин камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. 

Буга чейин мурунку Бишкек мэринин мүлкү камакка алынып, өзү өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген эле. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип бүткөн соң, УКМК тергөөчүсү Биринчи май райондук сотко Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылаары белгилүү болгон. 

Эскерте кетсек, буга чейин 11-майда Кубанычбек Кулматов УКМКга  кытайлык TBEA компаниясы берген грант  боюнча  чакыртылып, сурак берип чыккан болчу.

21-майда УКМКнын  башкы тергөө башкармалыгы мурунку бажы кызматынын төрагасына  303-берененин 1-пунктуна ылайык, "Коррупция" фактысы боюнча айып таккан. Кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, мүлкү  камакка алынган.

Эскерте кетсек, Кулматовго  Бишкек мэри болуп турган кезде, 2 млн. доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деген айып  тагылууда.  Бул каражат кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген.

Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен каражатты өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган», - деп айыпталган.  

Кулматов өзү  акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын эсебине которгонун билдирген болчу.