02.07.2019 16:46

Бирөөнөн эле 5 млн. сом алган. Ири алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн аял Москвадан кармалды

Бирөөнөн эле 5 млн. сом алган. Ири алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн аял Москвадан кармалды

Өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кыргыз аял аныкталды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 43 жаштагы тургуну Д.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) кылмышты жасоого айыпталып тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2012-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта жасалган кылмыштар үчүн издөөгө алынган. Жакшы кирешелүү, туруктуу бизнес ачабыз деп алдоо жолу менен жарандардын ишенимине кирип, жабырлануучулардан акча каражатын жана транспорттук каражаттарын алган соң изин жашырып жүргөн.

Шектүүнүн бир гана жабырлануучуга келтирген чыгымы өзгөчө ири суммадагы 5 150 000 сомду түзгөн. Материалдык чыгым бүгүнкү күнү кайтарылып берилген эмес.

Издөө алган тарапка маалымдама жөнөтүлүп, азыркы учурда аны өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилүүдө.