02.11.2018 11:13

Бишкек четинде ГЭС-5 аймагында жол кырсыгы катталып, бир аял көз жумду (сүрөт жана видео)

Бишкек четинде  ГЭС-5 аймагында жол кырсыгы катталып, бир аял көз жумду (сүрөт жана видео)

Бишкектин четиндеги айланма жолдо ГЭС-5 жакта бүгүн, 2-ноябрда саат 9:00 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу April.kg порталына күбөлөр билдиришти. 

Сүзүшкөн унаалардын бири «Гольф» үлгүсүндө болсо, экинчиси «Фольксваген Жетта» унаасы болгон. Күбөнүн айтымында,  «Гольфтун» айдоочусунун карама-каршы жолго чыга калышы жол кырсыгына алып келген.  

«Унаанын биринин жүргүнчүсү, жашы өтүп калган эже экен. Ал ошол жерден эле үзүлдү окшойт. Эки айдоочунун тең буттары кыпчылып калып, бирөөсүн оңой эле чыгарышты, экинчи айдоочуну араң чыгарышты. Унаада башка да жабыркагандар болушу мүмкүн. «Тез жардам» кызматы бат эле келди», -деп билдирди күбө.

April.kg порталына  Чүй облустук ЖКККБдан бул маалыматты тастыкташты. Айтымдарында, кырсыктан 60 жаштагы аял каза тапты. Дагы 3 киши ооруканага жеткирилди.

«Ал жерде кооптуу бурулуш белгиси турат. Буга карабай, айдоочулардын бири эрежени бузуп, каршы жолго чыга калыптыр. Экспертизадан кийин кайсы унаа ээси күнөөлүү экени билинет», -дешти жол тескөөчүлөр.