25.06.2018 17:08

Бишкек четинде жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, бир адам мүрт кетти

Бишкек четинде жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, бир адам мүрт кетти

Бишкектин четинде бүгүн, 25-июнда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышып, жыйынтыгында 1 адам каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт (айланма) унаа жолунун 6-чакырымында (Биримдик-Кут ж/к) болгон. Анда  №01KG 051 H  мамлекеттик номерлүү MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу  унаа менен №S21 76 NE  мамлекеттик номерлүү Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 1 адам мерт кетип, 3 адам жаракат алган (аты-жөнү такталууда).

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.