07.10.2019 12:53

Бишкекте карызга акча берген автоматтар пайда болду

Бишкекте карызга акча берген автоматтар пайда болду

Бишкекте карызга акча берген автоматтар пайда болду. Бул туурасында соцтармак колдонуучусу Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты.

«Ал сиздин паспортуңузду жана манжаңыздын издерин тартып алып, 10 күнгө 1000 сом берет экен. Кайра 1300 сом кылып кайтарып бериш керек! Бул канчалык мыйзамдуу жана Улуттук банк мынча пайыз тууралуу кандай ойдо?», -деп жазат Афиджанов. 

Айрым интернет колдонуучулар бул кабарга кубанса, кээси пайыздын кымбаттыгын белгилешүүдө.