04.05.2020 14:23

Бишкек коменданты: Такси айдоочулары менен чач тарач кызматкерлери бет кап кийиши керек!

Бишкек коменданты: Такси айдоочулары менен чач тарач кызматкерлери бет кап кийиши керек!

Такси кызматтары жана сулуулук салондору санитардык-карантиндик эрежелерди сактабай жатат. Алар бет кап кийиши керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.

«Таксинин айдоочулары бет кап тагынбай жатат, уруксат кагазы, патент да жок. Чачтарач жана сулуулук салондорунда да бет капсыз иштеп жатышат», - деди Орозалиев.

Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган физикалык жана юридикалык жактар жоопкерчиликке тартылаарын эскертти.

«Эгер эреже сакталбаса, биз илдетти жугузуунун экинчи толкунун алышыбыз мүмкүн», - деди Бишкек шаарынын коменданты.

Белгилей кетсек, аталган тармактарга 1-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген.