23.05.2019 14:28

Бишкек көчөлөрүндө унаа токтотуу акылуу болот

Бишкек көчөлөрүндө унаа токтотуу акылуу болот

Бишкекте шаардык бюджетке айдоочулардын эсебинен жылына 95 миллион сом түшүрүү операциясы башталды. Муниципалитет 5 жыл бою унутулган акы төлөнчү унаа токтотуучу жайларын кайра түзүүнү көздөөдө. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэриянын бул сунушун карап жатышат.

Эгер эл өкүлдөрү макулдугун беришсе, Бишкектин борбордук көчөлөрүнө унаасын калтыргандар саатына 10 сомдон 30 сомго чейин төлөй башташат. Анын сыры эмнеде? Видеодон көрүңүз.