Бишкек көчөлөрүнө 1 миңден ашык шамчырак илинди

«Бишкекжарык» ишканасынын маалыматына караганда, шаар көчөлөрүндө жана кичирайондордо сырткы жарыкты жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө 1179 жарыкдиоддуу шамчырак орнотулду. Алар: Дубосековская, Адырская, Набережная, Дзержинский, Сарычелек, Койбагаров, Бакаев (мурунку Чапаев), Некрасов, Т. Фрунзе, Псковская/Поваринская, «Ак-Өргөө» жаңы конушундагы жол, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанская, Славянская, Куликовская, Будённый, Салиева жана Айтиев, Жумушчу, Осмонкул, Лев Толстой, Тыналиев көчөлөрүнө тагылды.
Эми ишкана №5, 6 жана 7 кичирайондорду жана Щербаков, Школьная жана Турусбеков көчөлөрүнө 214 шам чырак илмекчи.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: