Коронавирус: Бишкек шаарындагы көчөлөр жана аялдамалар жуулду

Коронавирус: Бишкек шаарындагы көчөлөр жана аялдамалар жуулду

Коронавирусту алдын алуу үчүн Бишкек шаардык мэрия көчөлөрдү жууп чыкты. Анын видеосун калаа башчылыгы Фейсбук-баракчасына жүктөгөн.

«Тазалык» аялдамаларды атайын тазалоочу каражаттар менен жууп чыкты», - дейт аталган муниципалитет.

Эске салсак, 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Ал эми Республикалык штаб кыргызстандыктарды зарылчылыгы жок болсо үйдөн чыкпоого чакырды.

Бүгүн, 23-март, саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы адамдар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды.