15.10.2018 11:51

Бишкек мэри Азиз Суракматов курулуш жаатындагы ишкерлерге кандай убадаларды берди?

Бишкек мэри Азиз Суракматов курулуш жаатындагы ишкерлерге кандай убадаларды берди?

Бишкектин мэри Азиз Суракматов өткөн жума бизнес коомчулук менен тамактанды. Жолугушууга ЖИА ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү келген, алардын негизги бөлүгү курулуш компаниялардын башчылары. Калаа жетекчи мурунку кесиптештерине жагымдуу шарттарды түзүп берээрин убадалады. Ошондой эле, бизнестин алдына эч кандай жолтоолорду койбой, куруучуларга жардам берүү керектигин баса белгиледи. Күн тартибинде жер тилкелерин  берүү процедулары, эксплуатация кызматтарына техникалык шарттарды түзүүнүн үстүндө талкуу жүрмөк. Бирок журналисттер мындай маңыздуу сүйлөшүүгө катыштырылган жок.

Кызыгы, Суракматовдун жакындары дагы деле ири курулуш компанияга ээлик кылып келет. Эске салсак, жакында эле шаардын деталдуу пландоо кеңешмеси өттү. Анда дагы бизнеске эч кандай шарт койбогула, ишкерлер үй салабы, ооруканабы же мектеп курабы өзү билет деген катуу билдирүүлөрдү жасаган.