18.07.2018 18:26

Бишкек мэри ким болушу мүмкүн? Талапкерлер тизмеси

Калаа башчы Албек Ибраимов кызматынан бошой электе эле термелип турган отургучун ким ээлейт, деп азыр жалкоо киши гана жоромол түзбөй, четте калса керек. Болжолдуу талапкерлердин арасында мурунку шаар башчыларынан тартып өкмөт жетекчилерине чейин бар экен. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев койчу чекитти күтпөстөн эле, мэрдин отставкасы ишке ашкандай мамиле кылгандар, өз фавориттеринин тизмесин түзуп убара. Алардын олуттууларына April.kg көз чаптырды.