27.07.2018 15:51

Бишкек мэринин креслосуна мээленгендер ким?

УКМК укуругуна илинип, ордун бошоткон Албек Ибраимовдун креслосу талашка түшө баштады. Мэр болгусу келгендердин алды шаар депутаттарын чайга чакырып, тамырын тарта баштаса, арты серепчилер аркылуу үн ката башташты.

Бирок адаттагыдай, жетекчиликке күтүүсүз жерден пайда болгон адам шайланат окшобойбу. Шаар депутаттары бул жолку аламан байгеде Азиз Суракматовду сүрөөнгө алып, өз добуштары менен аны алдыга сүйрөй турганын билдиришти. Көпчүлүк коалициядан тышкары, мэрликке талапкер көрсөтүү укугу өкмөт башчыда жана калаа кеңешиндеги башка фракцияларда да бар. Мэрдин ордун мелжеп, шаар башкарсам дегенде эки көзү төрт болгон жарандардын тизмеси менен тааныштырабыз.