23.11.2018 15:41

Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус сатып алууга эл аралык тендер жарыялады

Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус сатып алууга эл аралык тендер жарыялады

Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус сатып алууга тендер жарыялады. Бул максатта шаардык бюджеттен 382 млн. 577 миң сом каралды, деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы. 

Бул каражатка газ менен иштеген, сыйымдуулугу жогору 60 даана жаңы автобус сатып алуу пландалууда. Жарыяланган эл аралык тендерге автобус чыгарган заводдор жана алардын дилерлери катыша алышат. 

Арыздарды ачуу 11-декабрга пландалган. Уткан компания транспортту 2019-жылдын мартына дейре жеткирип бериши керек.

Тендердеги шартка жараша, жүргүнчү ташыган автобустун газ кыймылдаткычы экологиялык нормасы боюнча ЕВРО-5 классынан төмөн болбошу керек. Ошондой эле, «Электрондук билет берүү» долбоорун ишке ашыруу үчүн валидаторлорду орнотууга орун болушу шарт.

Шаардагы каттаган маршруткаларды заманбап автобустарга акырындык менен алмаштыруу үчүн чоң жана орточо сыйымдуулуктагы 800 автобус керектелет.

Азыркы учурда күн сайын 10 шаардык каттамды ишке ашыруу үчүн линияга дизель менен иштеген орто класстагы 90 автобус жана метан менен иштеген, чоң класстагы 10 автобус чыгып жатат. Ошондой эле, №35 линияда метан менен жүргөн, орто класстагы,  жарым-жартылай менчик 16 автобус бар.  

Тажрыйба көрсөткөндөй, газ менен жүргөн автобустар экологияга көп зыян келтирбей турганы айтылат.