23.08.2019 11:26

Бишкек мэриясы Москва көчөсү жол кыймылы үчүн качан ачылаарын билдирди

Бишкек мэриясы Москва көчөсү жол кыймылы үчүн качан ачылаарын билдирди

Бишкектин Москва көчөсүндө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери бүтөйүн деп калды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

China Road and Bridge corporation курулуш компаниясы аталган көчөнүн асфальт-бетон төшөмүн калыбына келтирип жатат.

Жол оңдоочулар ишти Манас проспектисинен Турусбеков көчөсүнө чейинки тилкеде башташкан, бүгүн Манас көчөсү менен Үмөталиев көчөсүнүн ортосундагы тилкеде биринчи катмарды төшөө иши жыйынтыкталат. 

Эскерте кетсек, Москва көчөсүнүн Манас проспектиси менен Жаш Гвардия гүлзарынын ортосундагы тилкесинде Кытай грантынын эсебинен оңдоо иштери өтүп жатат. 980 метрге созулган тилкени калыбына келтирүү иштерин 28-августта жыйынтыктоо каралган. Жеринде 25 адам жана 10 техника иштеп жатат.