05.07.2018 10:20

Бишкек мэриясы насыяга 350 автобус сатып алуудан баш тартты

Бишкек мэриясы насыяга  350 автобус сатып алуудан  баш тартты

Бишкек мэриясы ушул жылдын аягына чейин сатып ала турган 350 автобустан баш тартты. Мындай чечим тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди. Ал автобустарды "Газпромдун" насыясына сатып алуу пландалган.

Бишкек мэриясы 2018-жылдын соңуна чейин 350 автобус сатып алмак. Мындай меморандумга 2017-жылы 25-декабрда Өкмөт үйүндө кол коюлган. Меморандум орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” “Эксар” ишканалары менен Бишкек мэриясынын жана Социалдык фонддун ортосунда кабыл алынган.

Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия "Газпромбанктан" 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 млрд. сом насыя алмак.

Ар бир автобустун баасы 10 млн. сомдун тегерегинде болору айтылган. Мэрия автобустар газ менен жүрөрүн, майыптарга ыңгайлуу экенин жана аларда кондиционер, вай-фай, электрондук төлөө системасы сыяктуу бардык шарттар болорун билдирген. Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус 11 гана каттамды тейлей алат.