30.07.2018 13:01

Бишкек мэрлигине башкы талапкер болгон Азиз Суракматов деген ким?

Бишкек шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын көнүлү түшкөн Азиз Суракматовдун талапкерлиги жарандык коомго жаккан жок. Бишкек тургундары мэр кызматына башка адамды көргүсү келип жатканын ачык эле айтып, шаар тагдырын бир ууч депутаттар эмес тургундар чечиш керек деген ойдо. Кооптонууга негиз бар, анткени Суракматов жана анын жакындары бир нече курулуш компанияга ээлик кылат. Мына ошондуктан ал Бишкектин майлуу жерлерине үй куруп баштабайт деп кепилдикти берген киши жок. Азиз мырзанын ачыкталган байлыктарын тизмектейбиз.