15.08.2019 17:28

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча доо арызды карайт

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча доо арызды карайт

Эртең, 16-августта Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызын карайт. Бул тууралуу экс-президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко Атамбаев өзү да катышат. Соттук отурум саат 10:00дө башталат. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. 

Sputnik.kg агенттиги экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесаревге таянып, Алмазбек Атамбаевге эски кодекс менен караганда, 14 кылмыш иш боюнча айып тагылып жатканын жазды. 

Алар: Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча «Коррупция» беренеси менен ачылган иш, 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча бир нече иш,  «Медиа Форумдун» имараты жана Бишкек ТЭЦтин модернизациясы боюнча «Коррупция» беренеси менен ачылган иш, Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу жана мыйзамсыз сатуу боюнча «Коррупция» беренеси менен ачылган дагы эки иш.