02.05.2019 17:03

Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын үч саясатчыга 100 миңден төлөп берүүгө милдеттендирди

Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын үч саясатчыга 100 миңден төлөп берүүгө милдеттендирди

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалын Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин ар бирине 100 миң сомдон  төлөп берүүгө милдеттендирди. 

Эскерте кетсек, иш буга чейин Октябрь райондук сотунда каралып, судья «Алмазбек Атамбаев доогерлердин ар бирине 100 миң сомдон төлөп берсин, ал эми  «Апрель» телеканалы 10 күн ичинде таратылган маалыматты төгүндөсүн» деген чечим чыгарган. 

Бүгүн экинчи инстанция райондук соттун чечимин өзгөртүп, телеканалды саясатчыларга моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. 

«Доочулар каалагандай доо арыз бере алат, бирок сот калыс, демократиялык коомго ылайыктуу чечим кабыл алышы керек. Балким, доо берген саясатчыларга ЖМК мындай өлчөмдөгү акчаны төлөп бере алчудай сезилип жатса керек, бирок бул чөйрөдө иштеп жүргөндүктөн, 300 миң сом өтө көп акча экенин билебиз. Анын үстүнө ЖМК болгону өз ишин аткарып, саясатчыга сүйлөгөнгө аянтча берген», - деп билдирди Институт директору Бегайым Үсөнова. 

Ал эми, юрист Алтынай Исаеванын айтымында, моралдык компенсация төлөтүүгө өзгөчө учурларда гана жол берилиши керек. Мындан улам, «Апрель» телеканалы Бишкек  шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко доо арыз берет.  

Саясатчылар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылдын 10-декабрында  «Апрель» телеканалынын эфиринен кеткен маегинде «Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев жөнүндө такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтарды жарыялаган» деген жүйөө менен сотко арызданып,  Алмазбек Атамбаевден үч саясатчынын ар бирине 3 миллион сомдон-  жалпы 9 млн сом, «Апрель» телеканалынан ар бирине 3 миллиондон жалпысынан 9 млн сом өндүрүп берүүнү суранып келишет.