31.10.2018 18:00

Бишкек шаардык соту Илмияновдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту Илмияновдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту экс-президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Илмияновдун жактоочусунун доо арызын карады. 

Жактоочу Икрамжан Илмиянов камакта кармоого негиз жок экенин, анын эч жакка качпай турганын айтып, үй камагына чыгарууну өтүндү. 

Соттук коллегия жактоочунун өтүнүчүн кабыл албай, буга чейин чыккан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Сергей Слесарев Жогорку Сотко арызданаарын билдирди.