22.02.2019 17:28

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул туурасында КСДП маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык сотунда КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун доо арызы боюнча соттук отурум өттү. Жактоочу Кулматовго бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жана экспертиза сыяктуу далилдерди жокко чыгаруу боюнча кайрылган. 

Сергей Слесарев белгилеп кеткендей, экспертиза Кубанычбек Кулматовдун укугун бузуу менен өткөн. «Баары болушту айыпталуучулар, жактоочулар. Баары сүйлөштү. Бирок, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы жактоочунун Кулматовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тууралуу доо арызы боюнча өндүрүштү токтотуп койду. Ошондой эле, экспертиза боюнча доо дагы канааттандырылган жок», - деп билдирди С.Слесарев.