07.05.2019 11:06

Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду камактан бошотту

Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду камактан бошотту

Бүгүн, 7-майда  Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду камактан бошотуу иши каралды. Анда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссиянын төрагасы, врач-онколог Усупбаев Суталиновдун 4-даражадагы бөйрөк рагынан жабыркап жатканы тастыкталганын билдирди. 

Дарыгердин сөзүнөн кийин жактоочулар экинчи инстанциядан Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Суталиновду сот залынан бошотууну суранышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү дагы жактоочулардын оюна кошулушту.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Ленин райсотунун чечимин күчүндө калтырууну суранды.  Кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кеткен соттук коллегия Суталиновду сот залынан бошотуу чечимин чыгарды. 

Эскерте кетсек, Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуяларына тиешеси бар деп камакка алынган. Ал  20 жылга кесилген. 2012-жылы соттук отурум учурунда анын онкологиялык оору менен жабыркап жатканы белгилүү болгон. Анда ага операция жасалып, залалдуу шишик бар оң бөйрөгүн алып ташташкан.  

2018-жылы оорусу кайра күчөп жатканы аныкталган. Суталиновдун боорунан жана өпкөсүнөн көп сандагы метастаз табылып, 4-даражадагы рак диагнозу коюлган. Мындан улам аны бошотуу зарылчылыгы тууралуу сөздөр жүрө баштаган.  

2019-жылы гана бул иш каралып баштап, 15-февралда сот бошотуу өтүнүчүн четке каккан. Жактоочу Бишкек шаардык сотуна арызданган.