14.01.2019 14:19

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтырууну колдоду

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтырууну колдоду

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 13-февралга чейин камакта калтыруу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечим бүгүн, 14-январда соттук отурумда кабыл алынды. 

Жактоочу Нурбек Токтакунов билдиргендей, кылмыш иши боюнча бардык териштирүү иштери жүргүзүлдү. «Мен тергөөнүн мөөнөтүн узартып жатышканда, эч каршы болгон эмесмин, анткени, кылмыш иштин 50дөн ашык тому менен таанышып чыгышым керек болчу.  Эми болсо, териштирүү иштеринин баары бүттү. Сапар Исаковду камакта кармоонун эч кандай зарылчылыгы жок. Андыктан, мен Исаковду камактан бошотууну сурангам. Бирок, Биринчи Май райсоту аны 13-февралга чейин камакта калтырды. Бишкек шаардык соту болсо, райсот менен макул болду» - деп кошумчалады жактоочу. 

Анын айтымында, соттук отурум жабык режимде өттү.  «Биринчи инстанцияда отурум ачык өткөн. Экинчи инстанцияда жабык өткөрүүнүн кажети деле жок болчу», - деп белгилейт Нурбек Токтакунов.