18.10.2018 11:05

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 5-декабрга чейин камакта калтыруу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу April.kg порталынын кабарчысы Аман Бакиров билдирди. 

Адвокат Нурбек Токтакуновдун соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчү да четке кагылды. 

Эскерте кетсек, 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.  

Сапар Исаковдун УКМКнын тергөө абагында отурганына 5-октябрда 4 ай болду. Мурунку премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо»  долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деген айып тагылып, 2018-жылдын 5-июнунда камакка алынган.